Биз менен байланышыңыз

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясы Орунбековдун билдирүүсүнө жооп берди

Кыска кабар | 4 Окт 2022 | 1291 | 0

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков тараткан билдирүүгө жооп берип, ал Орунбековдун компетентсиз жана сабатсыз экенин айкындай турганын жазды.

Парламенттик фракциянын маалыматына караганда «Кемпир-Абад» суу сактагычынын айланасында болуп жаткан окуялар боюнча жолугушууга даярдалган адамдар алдын ала имаратка киргизилип, карапайым эл көчөдө калган.

«Президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков жыйын өтүп жаткан учурда одоно түрдө элди бөлүп-жарып, жыйынга кирбей калган жарандарга, түз эфир аркылуу чагылдырып жаткан ЖМК өкүлдөрүнө ишенбөөгө чакырып, өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу тараткан маалыматы бүтүндөй элдин көңүлүн иренжитти.

«Урматтуу» азаматтар!

Силерге жана кожоюндарыңарга Эл биринчи, экинчи, үчүнчү сорт же болбосо Мадумаровдун тарапташтары, же башканын тарапташтары деп бөлүнсө, биз үчүн баары бир эл!», — деп айтылат аталган парламенттик фракциянын билдирүүсүндө.

Буга чейин Дайыр Орунбеков өзүнүн Фейсбук баракчасына «депутат Адахан Мадумаровдун тарапташтарына чейин сөз берилди», — деп жазган. Анын «Адахан Мадумаровдун тарапташтарына чейин сөз берилди» деп айтканы коомчулукта сынга кабылган.

Copyright © 2017 Maral FM