Биз менен байланышыңыз

Бакиров: «Манас» жана «Ош» аэропорттору ижарага берилген жок

Кыска кабар | 4 Окт 2022 | 222 | 0

«Манас» жана «Ош» аэропорттору ижарага берилген жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 4-октябрдагы жыйынында Мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.

Депутат Тазабек Икрамов аталган аба майдандары 49 жылга ижарага берилгени тууралуу кептерди тактоону өтүнгөн.

Мирлан Бакиров аэропорттор ижарага берилбей турганын, мамлекеттик жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдын негизинде сунуштар караларын айтты. Учурда Түркия, Арап мамлекеттери, Орусиядан инвестициялык келишимдер боюнча сунуштар келди.

«Экономика жана коммерция министрлиги менен IFC корпорациясынын ортосунда келишим бар. ТЕОну иштеп чыгып, жумуш журүп жатат. Ошол эле учурда башка компаниялардан да сунуштар түшүүдө. Бүгүнкү күнү Түркия, Арап мамлекеттеринен, Орусиядан келген сунуштар бар. Аба майдандары 49 жылга ижарага кетти деген такталбаган, туура эмес маалымат. Ар бир сунуш боюнча жумушчу топ иштеп жатат» , — деди Бакиров.

Депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйынында «Манас» жана Ош аэропорттору түрк компаниясына 39 жыл мөөнөткө башкарууга берилип жатканын айтып чыккан. Ал аэропорттор боюнча ачык сынак өткөрүлбөй, жең ичинен белгисиз компания тандалган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Манас» жана «Ош» аэропортторун түркиялык YDA INŞAAT аттуу компанияга берүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирген.

Бүгүн тармактык комитетте транспорт жана коммуникациялар министри кызмат ордуна дайындалган Тилек Текебаевге депутаттар суроо берип жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM