Биз менен байланышыңыз

V Көчмөндөр оюндары Казакстанда өтмөй болду

Кыска кабар | 3 Окт 2022 | 453 | 0

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын Түркия Казакстанга өткөрүп берди. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Эстафетаны Түркиянын Жаштар жана спорт министри Мехмет Муххарем Касапоглу Казакстандын Маданият жана спорт министри Даурен Абаевге өткөрүп берди.

Казакстан Межилисинин спикери Ерлан Кошанов 30-сентябрда Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуусунда Көчмөндөр оюндарын өткөрүү ниетин билдирген.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейин үч жолу Кыргызстанда өткөрүлгөн. Акыркысы 29-сентябрдан 2-октябрга чейин «Биримдикти жана салтты сактайбыз, келечекке карайбыз!» деген ураандын алдында Түркиянын Изник шаарында өттү.

Оюндарга 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышты. Кыргызстандын атынан 148 спортчу барган.

Copyright © 2017 Maral FM