Баткен облусунда Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун 7-чакырымында көпүрөнүн курулуш иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
16-сентябрда Тажикстандын Баткен облусуна басып кириши учурунда тажик аскер кызматкерлери Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык автожолун бириктирген Ак-Суу дарыясындагы 36 метрлик көпүрөнү жардырып жиберишкен.
«Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун 7-чакырымында унаа өтүүчү көпүрөнүн курулушу бүткөрүлүп, унаалар өткөрүлө баштады. Курулуш иштерин «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №2 Жол тейлөө башкармалыгы жүргүзгөн. Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Таабалды Тиллаев Баткен облусу боюнча кызматтары тарабынан оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү маселелерин координациялоодо», — деп айтылат маалыматта.
![](https://maralfm.kg/wp-content/uploads/2022/10/17460db3-ec51-4fd9-b974-f56c1eac9db4.jpg)