Биз менен байланышыңыз

Гималайдын Манаслу чокусунда кыргыз желеги менен манас китеби көтөрүлдү

Кыска кабар | 2 Окт 2022 | 385 | 0

Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов Манаслу чокусунан тартылган сүрөттөрүн жарыялады.

«Гималайдагы биринчи кыргыз экспедициясы ийгиликтүү ишке ашты! Экспедициянын алты мүчөсү тең Манаслуга — 8 миң 163 метрге татаал аба ырайынын шарттарында чыгышты», — деп жазган ал.

Кыргызстандык альпинисттер тобу Гималайга биринчи улуттук экспедиция болуп саналган жана деңиз деңгээлинен 8156 метр бийиктиктеги ушул эле аталыштагы чокуга чыгууну камтыган “Манаслу” долбоорун ишке киргизген. Ошондой эле экспедиция мүчөлөрү чокуга “Манас” эпосунун үч килограммдык көлөмүн жана Кыргызстандын желегин алып чыгууну пландашкан.

«Гималайдын Манаслу чокусунда-8163 метр бийиктикте тарыхыбызда биринчи жолу кыргыз желеги менен Манас китеби ийгиликтүү көтөрүлдү» , — деп жазды альпинист Илим Карыпбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM