Биз менен байланышыңыз

Жыл башынан бери 2,2 млрд сом мүлк салыгы жыйналды

Кыска кабар | 30 Сен 2022 | 118 | 0

Мамлекеттик салык кызматы жыл башынан бери 2,2 млрд сом мүлк салыгын жыйнады. Анын ичинде транспорт каражатына 678,4 млн сом салык чогултулган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 109,7 млн сомго көп.

Турак жайга салыктын суммасы 97,3 млн сомду түздү. 2021-жылга салыштырмалуу турак жайлар боюнча 13,8 млн сомго көп чогултулган.

Үй жанындагы, короо-жай алдындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык боюнча түшүүлөр 186,2 млн сомду түздү, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 24,1 млн сомго көп.

Мындан тышкары, калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык 552,8 млн сом түштү, бул 2021-жылдын ушул мезгилине караганда 30,4 млн сомго көп.

1-сентябрда транспорт каражатына, турак-жай мүлкүнө жана үй жанындагы, короо-жай алдындагы жана бак-чарба жер участогуна салык төлөө мөөнөтү аяктаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM