Кыргызгидромет билдиргендей, 1-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймакта жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Кээ бир жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+7, күндүз +11…+16,
Талас облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +17…+22,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +10…+15,
Нарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14,
Бишкек шаарында жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +13…+15 градус болот.