Биз менен байланышыңыз

Айбалаев: Чек арадагы төрт постту мен койдурган элем

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Сен 2022 | 11136 | 0

Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаев кыргыз-тажик чек арасындагы алынып жаткан постторду Ворухту кысуу үчүн койдурганын айтып берди.

«Ал постторду мен койгон элем. Себеби Никита Хрущёвдон башталат. Ал СССРди 1953-1964-жылдары башкарган. «Перспективасы жок айылдарды көчүрүү керек» дегенде биздин «азаматтар», өзгөчө Баткен районунун «азаматтары» Ворухтун тегерегиндеги төрт айылды көчүргөн.  Ал айылдардын ордун тажиктер ээлеп калган да, Ворух кеңейип кеткен. Азыр эми постту алса, Ворух андан да кеңейип кетет. Тоонун ары жагында Тажикстандын Матча (Мачайи) району бар. Ал жактан наркотик ташылат. Өзүңөр билгендей, 1999-жылы душмандар Баткенге ошол жактан Ворухка карай өтүп, анда 52 азаматыбызды атып салган. Эми мындай окуяларды «биздин азаматтар» унутуп калып жатышат. Тажиктер Ворух анклавына эмне үчүн аскер техникасын жана аскерлерин алып кирип алганы түшүнүксүз. Анклавда милициядан башка эч кандай күч болбошу керек. Жалгыз гана милиция болушу керек. Алардын техникасын жана армиясын биздин Төрт-Көчөдө турган посттордон өткөрүп жиберишкен. Ошондуктан булар Капчыгайды талкалады. 180 үй өрттөлүп, 6 кишини, тооккананын ээсин атып салышты. Постторду алып, УКМКнын башчысы протоколду толук аткарганга аракет кылам десе, Баткен менен Лейлек 20-30 жылда анклавда калышы мүмкүн».

25-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов «Кызыл-Бел» чек ара өткөрмө пунктунда жолугушту. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы төрт пост эки тараптан тең алынмай болгон.

Ташиев төрт застава тууралуу түшүндүрмө берди

Copyright © 2017 Maral FM