Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жарлыкта «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Сабиров Равшанбек Азатович өз каалоосу боюнча ээлеген кызматынан бошотулду», — деп айтылат.
Белгилей кетсек, Равшан Сабиров бул кызматка ушул жылдын 11-мартында дайындалган болчу.