Марал Радиосу

Равшан Сабиров ээлеген кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жарлыкта «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Сабиров Равшанбек Азатович өз каалоосу боюнча ээлеген кызматынан бошотулду», — деп айтылат.

Белгилей кетсек, Равшан Сабиров бул кызматка ушул жылдын 11-мартында дайындалган болчу.

Exit mobile version