Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Мугалимдер күнүнө карата акча чогултууга тыюу салынды

Кыска кабар | 24 Сен 2022 | 528 | 0

Өсүп келе жаткан муунду окутууда жана тарбиялоодо билим берүү кызматкерлеринин маанилүү ролун белгилөө максатында билим берүү жана илим министрлиги «Билим берүү кызматкерлеринин күнүн белгилөө жөнүндө» буйрук чыгарды.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, 2022-жылдын 5-октябрында Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата «Жаңы чакырыктар — жаңы бийиктиктер» урааны астында иш-чаралар өткөрүлмөкчү.

Иш-чаралар интернеттеги социалдык тармактар аркылуу куттуктоолор, челлендж, «Менин мугалимим» флешмобу, эмгек сиңирген ишмерлердин жеке калыптануусундагы мугалимдин ролу жөнүндө баяндамалары, «Эгер мен мугалим болсом…» темасында эссе жазуу, педагогикалык орто кесиптик жана жогорку окуу жайлардын окутуучуларын чакыруу менен жогорку класстын окуучулары менен кесиптик багыт берүүчү маек, мектеп жана мугалим жөнүндө ырлардын жана обондуу ырлардын фестивалы, концерт, театрлаштырылган спектакль түрүндө белгилөө сунуш кылынды.

Буйрукка ылайык, райондук жана шаардык билим берүү органдарынын, билим берүү уюмдарынын жетекчилери төмөнкүлөрдү камсыздоого тийиш:

— иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту, санитардык нормаларды сактоо;

— майрамдык иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө каражат чогултууга тыюу салуу.

Copyright © 2017 Maral FM