Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга куралдуу кол салуу: шейит кеткендердин саны 62ге жетти

Кыска кабар | 24 Сен 2022 | 427 | 0

Бүгүн, 24-сентябрда саат 12:00гө карата алынган ыкчам маалыматтарга ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан шейит кеткендердин саны 62 кишиге жетти. Бул тууралуу  Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусундагы координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Баткен облусундагы саламаттыкты сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны 198 адамды түзүп, анын ичинен 62 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

Copyright © 2017 Maral FM