Биз менен байланышыңыз

Жунушалиев: Чек-арада талкаланган үйлөр 2-3 айда калыбына келтирилет

Кыска кабар | 24 Сен 2022 | 355 | 0

Баткен облусунда Тажикстандын аскерий агрессиясынын натыйжасында 613 турак жай талкаланды. Ошондой эле административдик-стратегиялык маанидеги 9 объект, 15 социалдык мекеме, 323 мал сарай, көпүрө жана 26 автоунаа жабыркаган.

Келтирилген чыгымдарды жеринде өкмөттүк комиссия иликтеп жатканын Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын башчысы Айбек Жунушалиев билдирди.

“Мен бир гана нерсени белгилеп кетким келет. Ар бир иш-чараны биз мурунку окуялардан алган сабактарды эске алуу менен ыкчам түрдө жүргүзүп жатабыз. Ведомство аралык жумушчу топ дагы 19-сентябрь күнү эле бекитилип, ошол күнү жумушун баштаган.

Үйлөр боюнча алдын ала айта кетсем, 100 чарчы метрден өйдө болот. Айыл жергесинде чоң үй болуш керек. Биз сөзсүз түрдө жергиликтүү элдин талаптарын эске алабыз. Үйлөрдү 2-3 айда бүтүрүш керек деген Президенттин да талабы бар. Эртең суук түшүп баштайт. Иштерди эртелетебиз”, — деп билдирди Айбек Жунушалиев.

Copyright © 2017 Maral FM