Биз менен байланышыңыз

Раиса Атамбаева Садыр Жапаров менен эмнени сүйлөшкөнүн ачыктады

Кыска кабар | 24 Сен 2022 | 4134 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева президент Садыр Жапаров менен жолугуп, эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн ачыктады. Анын билдирүүсү Алмазбек Атамбаевдин социлдык баракчасына жарыяланды.

Раиса Атамбаева жолугушуу Садыр Жапаровдун уулу Рустамдын демилгеси менен уюштурулганын тастыктады.

Анда президенттен Алмазбек Шаршеновичти дарыланууга жиберүүнү суранганын айтты.

«Ага Кыргызстанда жасалбаган операция жасалышы керек. Мен, Сеид жана Кадыр үчөөбүз Алмазбек Шаршенович операциядан кийин кайтып келмейинче, түрмөдө отурганга даярбыз деп ишендирдим. Садыр Нургожоевич: «Жок, анын сот иштери бүтмөйүнчө операцияга жана дарылоого жөнөтө албайбыз», — деди», — деп жазды Раиса Атамбаева.

Анын билдиришинче, Атамбаевге козголгон кылмыш иштери боюнча сот процесстери адилеттүү жана бардык мыйзамдуу регламенттер боюнча өтсө, анда Кой-Таш окуялары боюнча бир гана процесси 3-5 жылга созулат.

«Ал эми ушунча жыл дарыланбай күтүү — Алмазбек Атамбаев үчүн анын диагнозу коюлган учурда түрмөдө өлүмдү күтүү дегенди билдирет.

Биздин экинчи өтүнүчүбүз Батукаевдин ишин кайрадан адилеттүү карап чыгуу болду. Биз актоону, эркиндикке чыгарууну суранган жокпуз. Сот отурумун ачык өтүүсүн өтүндүк. Буга чейин сот отуруму жабык эшик артында УКМКнын имаратында өткөн болчу», — деди ал.

Ал Садыр Жапаров менен жолугушуу түшкү тамактануу учурунда эки саатка созулганын, президент жолугушуу тууралуу эч кимге айтпоону суранганын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM