Биз менен байланышыңыз

Иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү кайсы министрликте канча пайыз ишке ашууда?

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Сен 2022 | 1750 | 1

Кыргыз мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев «Маралга» берген маегинде өлкөдөгү министрликтердин иш кагаздарды кыргыз тилинде жүргүзүүсү канча пайызга жеткенин айтты.

Осмоналиевдин айтымында, тил коммисиясы Инфодокс системасы аркылуу министрликтердеги иш кагаздарын жүгүртүү кандай болуп жатканын  анализдеген. Ага ылайык, 2022-жылдын жарымындагы статистикага ылайык:

Ички иштер министрлигинде иш кагаздарынын 17%ы кыргыз тилинде, 78% орус тилинде жүргүзүлгөн.

Саламттыкты сактоо министрлигинде 20% кыргыз тилинде, 78% расмий тилде маалымат алмашкан.

Тышкы иштер министрлигинде 9% мамлекеттик тилде, 88% расмий тилде иш кагаздары жүргүзүлүп турган.

Билим берүү жана илим министрлигинде 20% кыргыз тилинде, 60% орус тилинде,

Эң төмөн делген көрсөткүчтөрдүн бири Экономика жана каржы министрлиги, каржы министрлигинде 17%, ал эми Экономика министрлигинде 8% документтер кыргыз тилинде жазылган.

1 пикир

1 пикир

  1. Бакыт

    28.09.2022 20:15

    Сайттары, чаттары, соцтармак баракчалары дагы бүт буруу тилде жүргүзүлөт.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM