Биз менен байланышыңыз

Көк бөрү жана алыш күрөшү Көчмөндөр оюндарына расмий мелдеш катары кирди

Кыска кабар , Спорт | 23 Сен 2022 | 1426 | 0

Көк бөрү жана алыш күрөшү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий мелдеш катары кирди. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Көк бөрү боюнча спортчулар машыгуу жыйындарын өтүп бүттү, 28-сентябрда Түркияга учушат.

Мындан сырткары көкпар, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, мас-рестлинг жана салттуу жаа атуу спорту боюнча мелдештер өтүп, бул оюндарга кыргыз спортчулары да  катышат.

Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшү көрсөтмө оюндар катары өтөт. Улуттук оюндар 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин уланат. Кыргызстандын атынан жалпы 148 спортчу барат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM