Биз менен байланышыңыз

Адылбек Касымалиев Москва шаарына барды

Кыска кабар | 23 Сен 2022 | 236 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Москва шаарына жумушчу сапары менен барды.

Касымалиев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин экономикалык кеңешинин жыйынына катышат, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынын өткөрөт.

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин отурумунун күн тартибинде 60тан ашуун маселе белгиленген. Анын ичинде балдар жана өспүрүмдөр үчүн арналган продукциянын коопсуздугу, климаттык күн тартибине ылайык ЕАЭБ «Жол картасы», ЕАЭБ алкагында өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун каржылоо булактары жана механизмдери, 2021-жылы ЕАЭБдин мунай жана мунай продуктуларынын жалпы рынокторун түзүүнүн жүрүшү тууралуу жана башка маселелер каралат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM