Биз менен байланышыңыз

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту жылдырылды

Кыска кабар | 22 Сен 2022 | 722 | 0

Бүгүн, 22-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши боюнча отурум улантылды.

Кечээ, 21-сентябрдагы отурумда мамлекеттик айыптоочу соттон журналистти күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратууну жана сот залында камакка алуу өтүнүчүн келтирген.

Бүгүнкү отурумда жактоочуга сөз берилип, журналистке карата өкүм чыгары күтүлүп жаткан, бирок отурум 28-сентябрга жылдырылды.

Иликтөөчү журналист Болот Темировго төрт кылмыш иши козголгон: документ жасоо, жасалма документ колдонуу, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү, баңгизат даярдоо. Бирок журналист бул аракетти кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырат.

Былтыр 18-апрелде Temirov LIVE каналы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулунун компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерден утуп алганы тууралуу иликтөө жарыялаган. 20-апрелде Болот Темиров Бишкек шаардык милициясына суракка чакырылган.

Быйыл 20-январда Temirov LIVE YouTube каналы «Эки күндө 37 миллион сом кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөө жарыялаган.

22-январда күч органдары анын иштеген кеңсесин тинтүүгө алышып, андан кийин өзүн кармап кетишкен жана кеңседеги компьютерлерди алып кетишкен. Ага чейин журналисттер иштеген жерге кирип келген беткапчан кызматкерлер Болот Темировдун чөнтөгүнө баңгизатын салып коюшканы айтылган. Кийин журналисттин канынан эч кандай баңгизаты табылган эмес.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналистерге берген маалымат жыйынында журналист Болот Темировду куугунтуктоо ою жок экенин билдирген. Ал саясатта жүргөндөн бери 20 жылда бир да журналистти сотко бербегенин айткан.

Copyright © 2017 Maral FM