Кыргызстандык Мухаммадали Умаров Меккедеги дүйнөлүк «Куран» окуу жарышында жеңишке жетти. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Жарыш Сауд Аравиянын Мекке шаарында маркум падыша Абдулазиз Ал-Сауддун элесине арналып уюштурулган.
Жарышта биринчи орунду алган кыргызстандыкка 250 миң риал тапшырылган, бул 5 млн 500 миң сомду түзөт.
Мухаммадали Умаров ыйык «Куран» китебинин 600 барагын жатка айткан.
Умаровдун буга чейин «Маралга» берген маегин бул шилтемеден окусаңыз болот:
Дүйнөлүк жарыштарды багынткан Мухаммадали: Куран жаттоону 4 жашымда баштагам