Connect with us

Дүйнөлүк жарыштарды багынткан Мухаммадали: Куран жаттоону 4 жашымда баштагам

Блог , Маек | 31 Мар 2021 | 12739 | 2

Кыргызстандык 22 жаштагы Мухаммадали Умаров Иран мамлекетинде өткөн Дүйнөлүк «Куран» окуу жарышында 3-орунду ээледи. 17-февралда өткөн сынакка жалпысынан 46 мамлекеттен карылар катышып, пандемияга байланыштуу жарыш онлайн форматта Ирандын Кыргызстандагы элчилигинде өттү. Мухаммадали Умаров «Ыйык Куранды» жатка окуу жана Куран тафсири категориясында катышкан. Ал буга чейин да Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт, Индонезия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдө өткөн эл аралык сынактарга катышып, алдыңкы орундарды багындырган.

Биз бул мекендешибизди кепке тартып, жетишкендиктери, ийгиликтерге жетүү жолдору тууралуу маектештик.

Алгач Ирандагы сынак тууралуу айтып берсеңиз, 46 өлкөнүн ичинен 3-орунга жетишүү жеңил болбосо керек?

Куран боюнча дүйнөлүк сынак Иран мамлекетинде былтыр апрель айында өтүшү керек болчу. Бирок пандемияга байланыштуу бара албай калдым. Сынактын убактысы жылдырылып жатып, быйыл январда онлайн түрүндө башталды. Эл аралык сынакка 46 мамлекеттен катышып, ар бир категория боюнча алгачкы 5 орунга жетишкендер финалга чыгышты. Мен да финалдык жарышка жолдомо алдым. Ал 17-февралда Ирандын Кыргызстандагы элчилигинде өттү. Куранды жатка окуу жана анын тафсири категориясында катыштым. Жакында 11-мартта жыйынтыгы чыгып, мен 3-орунга ээ болуптурмун. Бул мен үчүн өтө кубанычтуу кабар болду, анткени өзүмө анчалык ишенген эмес элем.

Бул жарыш тууралуу кайсы жактан билдиңиз?

Ирандагы конкурска катышардан мурда Муфтият медреселерден мыкты карыларды (Куранды жатка билген адам) чакырып, экзаменден өткөрдү. Негизи 3 мамлекетке чакырык келген болчу. Муфтият 3 карыны тандап алып, мени Ирандагы конкурска багыттады. Буга чейин да башка конкурстарга катышып жүргөм. Дубай, Кувейт, Индонезия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдө өткөн эл аралык сынактарга катыштым. Буга чейинки Куран жарыштарына көп катышканым, ар кайсы өлкөдөн келген карыларды көргөнүм, мен үчүн чоң тажрыйба болду. Бул Ирандагы сынакта алдыңкы орундарга жетишүүмө да түрткү болду окшойт.

Буга чейинки эл аралык сынактарга катышканыңыз, андагы жетишкендиктериңиз жөнүндө айтып берсеңиз…

Эң алгач 2013-жылы Түркияда өткөн КМШ мамлекеттери ортосундагы сынакка катышкам. Анда Куранды толук жаттоо боюнча 3-орунду алгам. Кийин Индонезиядагы конкурска катышып, өзүмө ишенип турсам да, эмнегедир орунга илешкен жокмун. Андан соң Дубайдагы сынакка катышып, 92 мамлекеттин арасынан Кыргызстан 13-орунга жетишти. Кудайга шүгүр, бул мен үчүн чоң көрсөткүч, дем-шык болду. Анткени 92 мамлекеттин арасында 13-орунга жетишүү оңой нерсе эмес экен. Кийин Кувейт мамлекетиндеги сынакка катыштым. Буга чейинки сынактардан мындагы атаандаштык күчтүүрөөк болду. 78 мамлекет катышты. Жыйынтыгында 18-орунду ээледим. Кечээ жакында Ирандагы сынакка катышып, 3-орунду ээледим. Мындан ары да аракет кылам, Кыргызстандын атын жакшы жагынан дүйнөгө жайылтканга. Чынында жарыштарга барганда Кыргызстан десең көпчүлүгү билишпейт экен.

Куранды канча жашыңызда жаттап бүттүңүз? Аны толук жаттоо сиз үчүн оор болгон жокпу? Бул китеп араб тилинде болгондон кийин  түшүнүү маселеси бар да…

Куранды 4 жашымдан жаттап баштагам. Адашпасам, 11 жашымда толук жаттап бүттүм. Сабатым араб тамгаларында жоюлган. Бирок аны жаттап бүткөн учурда араб тилин билбейт болчумун. Арабча бир да сөз билбей туруп, Куранды жаттагам. Бул китеп жалпы мусулмандарга жиберилген. Мусулмандардын арасында арабдар бар, араб эместер бар. Куранды арабдар гана эмес, башка тилдүү улуттар да жаттай алат. Курандын пайдалары өтө көп. Куран жаттаган адамдын зээни өтө жогору болот. Эс тутуму күчтүү болот. Мен Куранды аяктагандан кийин да анын бир да маанисин түшүнчү эмесмин. Кандай болгон күндө да аны окуй берсеңиз, жүрөгүңүздө ырахат, тынчтык орун алат, кайгы-кападан алыс болосуз.

Мен 2016-жылы Кувейт эл аралык университетинин араб филологиясы бөлүмүнө тапшырып, тилди өздөштүрдүм. Эгер Араб тилин түшүнүп, анан «Куранды» окусаңыз, нурдун үстүнө нур кошулат десек болот. Аллах Таала китепте кандай сөздөрдү колдонуп, кандай кооз аяттарды айтканын түшүнүп, таң каласыз. Уйкаштык жагынан, кооздук, стилистика жагынан болобу, бардык жагынан алганда «Куран» сыяктуу нерсени эч бир акын, же жазуучу жаза албайт. Чынында «Куран» — 14 кылым мурда түшүрүлгөн китеп. Ушул күнгө чейин эскирген эмес, эскирбейт дагы. 14 кылым мурда түшсө да, азыр аны окусаңыз, жаңы нерсе окугандай болосуз.

Куранды жаттаган кары катары аны сактоо, анын жопкерчилигин аркалоо кандай болот? Деги эле Кыргызстанда Куран жаттагандардын саны көппү?

Куранды жаттагандан кийин анын жоопкерчилиги абдан чоң. Аны дайым сакташың керек. Дайым окуп турушуң керек, ага амал кылышың керек. Азыр бизде дин жолунда жүрбөгөн адам жаңылыштык кылса, анын иши бат жайылбайт. А бирок, бир имам, же молдо кичинекей катачылык кетирсе, адамдар жумурткадан кыр издегендей бат тарап кетет.

Азыр Кыргызстанда карылардын саны өтө көбөйгөн. Мурда алардын саны өтө аз болчу. Нарында бир кары, Таласта бирөө, кээ бир чөлкөмдөрдө такыр эле жок болчу. Азыр болсо, Кудайга шүгүр, акыркы 10 жылда карылардын саны өсүп келе жатат. Буга мамлекетибиздеги дин эркиндигинен болсо керек. Ал эми Кыргызстан Куран боюнча эл аралык сынактарга мындан 10-11 жыл мурда катышып баштаган.

Куран жаттайм дегендерге кандай кеңеш бересиз?

Эгер сиз Куран жаттайм десеңиз, бир күнүңүз да Курансыз өтпөшү керек. Күндө жаттап, туруктуу режим болушу керек. Экинчиден, Куран жаттай турган медреседе окусаңыз — андан да жакшы. Анткени ал жерде досторуңуз, жаныңыздагылар бардыгы Куран жатташат. Аларды көрүп кызыгууңуз дагы да жогорулайт. Үчүнчүдөн, устаттын мыкты болуусу да чоң мааниге ээ.

Куранды жаңы жаттап баштаган адамдын оюна ар кандай нерселер келет. «Эмне үчүн жаттайсың? Куранды жаттап бүткөндөн кийин аны кантип сактайсың? Жаттоо өтө кыйын», — деген ойлор келүүсү мүмкүн. Бул ойлордун баары жалган. Мындай ойго азгырылбоо керек. Эгер Куранды жаттасаңыз, ага кетирген убактыңызга өмүр бою өкүнбөйсүз. Акыретте анын сыйлыгы чоң. «Куранды кантип жаттайм?» дегенден да алыс болуу керек. Биринчи баштоо керек, башында 1-2 ай кыйын болушу мүмкүн. Андан кийин кандай жеңил экенин түшүнөсүз.

Куран жаттоочу медреселерде окуган адамдардын алдыда кесипке ээ болуусу кандай болот?

Менимче, медреседе окуган балдардын 99,9 %ы өкүнбөйт. Алар бул жакта 4 жыл окушат. Бул убакытта кары болуп, же шарият илимине ээ болуп чыгышат. 4 жылдан кийин кээ бирлери светтик окуу жайларга тапшырышат же кээ бирлери шарият илимин улантуу үчүн чет өлкөлөргө барып окуп келишет. «Шарият илимин окуган адам тиричилигин кантип алып кетет?» деген ойлордон алыс болушубуз керек. Мисалы, светтик окуу жайда окугандын баары эле өз кесиби менен иштешпейт. Кээ бирлери өзүнүн тармагынан алыс нерсе менен алектенет. Бул да ошондой эле. Шарият илимин окуган адам араб тилин билет. Араб өлкөлөрү менен кызматташуу же туризм багытында иштеп кеткенге мүмкүнчүлүк ачылат.

Маегиңизге рахмат!

2 пикир

2 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM