Биз менен байланышыңыз

Лейлек: Байзак-Сайдагы калкка гумжардам жеткирилди

Кыска кабар | 22 Сен 2022 | 210 | 0

Баткендин айрым тургундары алыскы айылдарга көчүрүлгөн элге гуманитардык жардам жетпей жатканын айтышууда.

Кечээ, 21-октябрда Баткендин Кулунду айылындагы Байзак-Сай жерлигине көчүрүлгөн эл гуманитардык жардам сурап «Маралга» кайрылышкан.

Эвакуацияланган элдин муктаждыктарын камсыздоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине байланыштык.

Жыйынтыгында министрлик дароо реакция кылып, Кулунду айылындагы Байзак-Сай жерлигине керектүү гуманитардык жардамды жеткирип берди. Бул тууралуу министрликтин өкүлү Ырысбек Жолдошбаев «Маралга» кабарлады. Маалыматты жергиликтүү тургандар да ырастады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуу үчүн жалпы 188 пункт уюштурулду.

Учурда өлкөнүн бардык аймагынан чогултулган гуманитардык жардамдар Баткен облусуна жөнөтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM