Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: Бизге жаңы ыкмалар жана жаңы инвестициялар керек

Без рубрики , Кыска кабар | 20 Сен 2022 | 365 | 0

Бүгүн, 20-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Инвестициялык кеңештин жыйынын өткөрдү. Иш-чарага бизнес-ассоциациялардын, эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Жапаров бизнес өкүлдөрүнө, карапайым жарандарга өлкө үчүн оор күндөрдө гуманитардык жана финансылык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле ал өткөн жылы өлкөгө 1 млрд доллардан ашык инвестиция келгенин жана инвестиция тартуу маселесинде жаңы ыкмаларды киргизүү маанилүү экендигин белгиледи.

«Биз быйылкы жылы ИДПнын өсүшүн 6%дан кем эмес камсыз кылуу милдетин койдук, ал эми быйыл 8 айдын жыйынтыгы боюнча өсүү 8%ды түзөт. Биз ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен экономикалык өсүш, айлык акынын өсүшү, кирешенин өсүшү деңгээли боюнча алдыга чыгып жатабыз. Жакынкы 5-6 жылда бул тенденцияны улантабыз деп ишенем. Биз эч кандай жаңы салыктарды киргизбестен, салык базасын көбөйтпөстөн, фискалдык реформалардын аркасында соода жүгүртүүнү көбөйттүк. Бизге жаңы ыкмалар, жаңы инвестициялар керек. Камбар-Ата-1 ГЭСин, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорлору инвестиция тартуу үчүн локомотив болот деп ишенем”, — деди Жапаров.

Инвестициялык кеңештин отурумунда Кыргызстандын эл аралык капитал рыногуна чыгуу программасын иштеп чыгуу, накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү жана жаңы финансылык инструменттерди киргизүү, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, жер астындагы сууларды айыл чарба муктаждыктары үчүн пайдаланууга лицензия берүү жана иш берүүчүлөрдүн жана жумушчулардын таламдарынын тең салмактуулугуна жетишүү жаатындагы эмгек мыйзамдарын өркүндөтүү маселеси талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тийиштүү документтерди иштеп чыгуу жана өкмөткө киргизүү боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM