Биз менен байланышыңыз

Фактчекинг: Тажикстан Сириядагы мечиттин сүрөтүн колдонуп, жалган маалымат тараткан

Кыска кабар | 19 Сен 2022 | 844 | 1

Тажикстан жарандары социалдык тармактар аркылуу өрттөлгөн мечиттин сүрөтүн таратып, Кыргызстан талкалап салганын жазып чыгышты.

Биз бул маалыматтын чын-төгүнүн текшерүү максатында интернеттеги ачык булактарды карап чыгып, ал Сириянын Алеппо шаарындагы «Омейяд» мечити экенин тактадык.

Орусиянын басылмаларынан алынган маалыматка таянып айтсак, 2013-жылы «Жабхат-ан-Нусра» террордук тобу Алеппо шаарынын Сук-аль-Мадина аймагына кол салган. Сириянын армиясы алардын алдын тороп, шаардын соода аймагынан сүрүп чыккан. Жан кечтилер тарыхый мечит «Омейядга» корголоп, курчоодон чыгып кетүү максатында мечитти жардырып жиберишкен. Натыйжада мечиттин түштүк дубалы мунара менен кошо урап түшкөн.

2017-жылы мечитти оңдоо үчүн Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Акмат Кадыров атындагы фонддун эсебинен 14 млн доллар которгон. Мечитти калыбына келтирүүчүлөр тобу бул иш сегиз жылга чукул убакытты аларын айтышкан.

Арабдар 636-жылы Дамаск шаарын каратып, Омейяд халифатын түптөгөн учурда айтылып жаткан мечиттин ордунда византиялык христиандар курган чиркөө болгон. 705-жылы Омейядга халиф болгон Аль-Валид I Абдул-Малик 706-жылы чиркөөнүн тушунан жер сатып алып, учурдагы мечитти салдыра баштаган. Курулуш иштери 715-жылы аяктаган.

Мечит дүйнөдөгү эң байыркы имараттардын бири катары ЮНЕСКОнун тарыхый мурастар тизмесине киргизилген.

1 пикир

1 пикир

  1. Pingback: Заявление медиасообщества. Исковые требования Минкульта к «Азаттык» должны быть отозваны : Internews in the Kyrgyz Republic

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM