Биз менен байланышыңыз

Чек арадан алыс аймактагы тургундар үйлөрүнө кайтарылууда

Кыска кабар | 18 Сен 2022 | 111 | 0

Кыргыз-тажик чек арасына алыс жайгашкан аймактардан көчүрүлгөн жарандар кайра үйлөрүнө кайтарылып жатат.

Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев түз эфир учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда кайра кайтарылып жаткан жарандардын саны такталууда. Алар көбүнчө Тажикстан менен чектешкен аймактан алысыраак жашагандар.

16-17-сентябрда Тажикстан Кыргызстандын аймагына кол салгандан бери 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга көчүрүлгөн, куралдуу кагылышта 36 адам мерт кетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM