Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Нарында шейит кеткен аскер акыркы сапарга узатылды

Кыска кабар | 18 Сен 2022 | 183 | 0

Бүгүн, 18-сентябрда Нарын районунун Оттук айылында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан шейит кеткен аскер кызматкери, улук лейтенант Нурсултан Жаныбеков жерге берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Нурсултан Жаныбеков 1995-жылдын 25-июлунда Нарын районунун Оттук айылында жарык дүйнөгө келген.

2011-жылы Нарын шаарындагы №7 М.Сыдыков атындагы орто мектептин 9-классын ийгиликтүү аяктап, Агрардык-экономикалык колледжге тапшырган.

2014-жылдын 9-апрелинде Ош облусундагы 92843 аскер бөлүгүнө мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган.

2015-жылдын 7-апрелинде мөөнөттүү кызматын аяктап, ошол эле жылдын декабрь айында Мамлекеттик Чек ара кызматынын 2025 аскердик бөлүгүнө аскердик кызматка кирген.

Кызмат учурунда «Көк-Айгыр» чек ара кызматынын улук аткычы; «Көк-Айгыр» чек ара кызмат бөлүмүнүн улук кавалерист-улук аткычы; «Бөрү» атайын даярдалган отрядынын улук чалгынчы-улук көзгө атаары болуп эмгектенген.

2022-жылдын 23-мартында 2054 аскер бөлүгүнүн 6-атайын багыттагы тобунун улук чалгынчы-улук аткычы кызматына дайындалып, Баткен облусундагы Раззаков шаарына кызмат өтөө үчүн жиберилген.

Сержант Жаныбеков Нурсултан Таалайбековичтин мекенине кылган кызматы бааланып, президенттин Ардак грамотасы жана бир катар ведомстволук сыйлык, медалдар менен сыйланган.

Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM