Саламаттыкты сактоо министрлиги 18-сентябрь саат 11:00гө карата (ыкчам маалымат) куралдуу кагылышуулардын натыйжасында жалпысынан 134 жабырлануучу ооруканага кайрылганын кабарлады.
Мекеменин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова брифингде билдиргендей, жабыркагандардын айрымдары Бишкек шаарына которулду.
Маалыматка ылайык, чек арадагы кагылышууда набыт болгондордун саны 36га жетти.