Бүгүн, 17-сентябрь түнкү саат 01:30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда жабыркагандардын саны 87 адам.
Ыкчам маалыматтар боюнча түнкү убакытка карата 24 адам мерт кетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Бул түнкү саат 01:30га алынган маалымат. Министрлик кошумча кабар берилерин билдирди.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 16-сентябрда чек арага болгон кол салууда жоготуулар көп болгонун билдирген.