Биз менен байланышыңыз

Медетбеков: Башкы прокуратура тажик тарапка тез арада иш козгошу керек

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Сен 2022 | 1502 | 0

Бүгүнкү күндө тажик бийлиги жеке эле аскерлер менен согушпай, катардагы жарандардын үйлөрүнө, мектептерге минамет менен аткылап жатат. Баткен шаарына дагы жардыруучу заттар менен атышты. Демек, алардын максаты чек арачылыр менен атышуу эмес, бүткүл Баткен облусундагы айыл-кыштактарды аткылап, элди коркутуу менен аларды психологиялык жактан басым кылуу аркылуу басып алып, Ворух анклабына түз жол ачуу болуп калды. Булардын үстүнөн тез арада Курманкул Зулушев башында турган Башкы прокуратура иш козгошу керек. Мындай пикирин УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, азыр Башкы прокуратуранын ыкчам тергөө кызматы Баткендеги кол салуу болгон жерге барып, баардык кол салууларды тасмага түшүрүп, баскынчылк аракеттердин далилдерин топтоосу керек.

«Себеби согуш биздин аймакта болуп жатат, Тажикстанда согуш болгон жок. Демек алар баскынчы агрессор катары киришип жатат. Ошондуктан алардын баарын документтештирип, БУУга же Эл аралык сотко кайрылыш керек. Тажикстандын канчалык деңгээлде баскынчы экендигин, чыныгы жүзүн эл аралык деңгээлде көргөзүш керек. Ошондой эле ошол эле материалдар ЖККУ жана ШКУнун жыйындарында көтөрүлүшү керек. Согуш токтогондон кийин «өзүбуз эле төлөп коебуз, кой эми, төлөбөй эле коюшсун» деген мамиле болбойт. Аларга жоопкерчиликти тартырмайынча мындай иштер боло берет. Ошол эле учурда эртең мындай жаңжал болбойт деген кепилдикти эч ким бере албайт. Ошондуктан эл аралык сотто булардын жоопкерчиликке тарттырып, чыгымдарды төлөткөнгө аракет кылыш керек» , — деди Медетбеков.

Мындан сырткары, Медетбеков куралдуу күчтөргө түп тамырынан реформа жасаш керектигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM