Биз менен байланышыңыз

Артур Медетбеков: Бул чек арадагы атышуу эмес, согуштук агрессия

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Сен 2022 | 5504 | 2

Тажик бийлиги соңку эки жылда Кыргызстанга карата агрессиялык саясат жүргүзүп баштады. Айрыкча кечээ жана бүгүнкү кол салуусу бул чек арадагы атышуу эмес. Алар алдын ала даярдык менен Кыргызстандын аймагына кол салууда. Мындай пикирин УКМК төрагасынын мурдагы орунбасары Артур Медетбеков «Маралга» берген маегинде айтып өттү.

«Тажиктер бүгүнкү кол салууга дээрлик бир жыл даярдык көргөн. Себеби алар бир эле убактын өзүндө беш-алты позициядан кол салды. Оор техникаларын да алдын ала алып келгени көрүнүп эле турат. 2021-жылдагы кол салуусунан кийин булар эч кандай жоопкерчилик тарткан жок. Тескерисинче биздин 39 жаран каза болуп, айылдар өрттөлбөдү беле. Алар мына ошондон да өздөрүн жогору сезе баштады» — деди Медетбеков.

Анын пикиринде, тажик бийлиги ички жана тышкы кризиске баткан көйгөйлөрүнөн улам,  коңшу өлкөгө агрессиясын көрсөтүп калктын көңүлүн бурдурууга аракет кылууда.

Ал 2021-жылдагы кол салуу ЖККУ жыйыны күнүнө туш келгенин, ал эми быйылкы кол салуу Самарканддагы ШКУ саммитине туш келгени да жөн эместигин эскертип өттү.

2 пикир

2 пикир

  1. Нурланбек

    19.09.2022 07:30

    Туура ой пикирин жонотуптур. Хочешь жить в мире готовься к войне дейт го. Кошуналардын ойу жаман болуп жатат, керек болсо ото жакшы эмес.

  2. Нурланбек

    19.09.2022 07:33

    Туура пикир жонотуп анализ жасаптыр

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM