Биз менен байланышыңыз

Жуматаева «Азаттыктын» Оштогу бөлүмүнүн ачылышы боюнча түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 15 Сен 2022 | 448 | 0

«Эркин Европа» үналгысынын кыргыз кызматынын жетекчиси Венера Жуматаева «Азаттык» радиосунун Ош шаарындагы бюросунун ачылышы боюнча билдирүү жасады.

Анын айтымында, Кыргызстан калкынын жарымынан көбү Ош, Жалал-Абад, Баткенде жашагандыктан, аларды жакшыраак чагылдыруу максатында Оштогу кабарчыларынын санын көбөйтүү максаты болгон.

«Социалдык-экономикалык маселелер, чек ара, суу, жер талаш, миграция, жумушсуздук, билим берүү, саламаттык тармагындагы ж.б. көйгөйлөрдү, өлкөнүн экинчи борборунун жашоо-турмушун, туризмди өнүктүрө турган тарыхый жана башка маанилүү маданий жайлар, мээнеткеч, иштерман жердештердин ой-санаасын жакшыраак чагылдыралы деген максатта Оштогу кабарчылардын санын бир аз көбөйтөлү дегенбиз. Ал планды башкача бурмалап ийишти окшойт, ынтымакта бололу. Керек болсо келечекте баардык медиалардын башкы офисин Ош, Жалал-Абад, Баткенге көчүрсө деле жарашмак» , — деп жазган Жуматаева.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйында  депутаттар Надира Нарматова, Шайлообек Атазов жана Айбек Осмоновдор «Азаттык» радиосунун Ош шаарындагы бөлүмүнүн ачылышына каршы пикирин билдиришкен.

Буга чейин Оштун борбордук аянтында «Азаттык» радиосунун Ош шаарындагы бөлүмүнүн ачылышына каршы митинг боло тургандыгы айтылган эле.

Нарматова «Азаттыктын» Оштогу бөлүмүнүн ачылышына каршы пикирин билдирди

Copyright © 2017 Maral FM