Биз менен байланышыңыз

Нарматова «Азаттыктын» Оштогу бөлүмүнүн ачылышына каршы пикирин билдирди

Кыска кабар | 15 Сен 2022 | 523 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова бүгүнкү жыйында «Азаттык» радиосунун Ош шаарында Фергана бюросунун ачылышына каршы пикирин билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарынын тургундары ага байланышка чыгып, аны ачтырбоо боюнча суранычтарын айтышкан.

«»Азаттыктын» Кыргызстанга жасаган жакшы жагынан тескери жактары көп болуп жатканы ачуу чындык. Ошондуктан төрага бул маселеге түздөн-түз өзүңүз кийлигишип, тыюу салыңыз. Улуттар аралык мамилеге чок салбай, тынч эле жашайлы. Алар отурган жеринде иштеп жаткандыктарына шүгүр кылышсын. Керек болсо, ушул жерден жаап койсо деле ашыкчалык кылбайт» , — деди Нарматова.

Ушул эле маселени депутат Айбек Осмонов да көтөрүп, «Азаттыктын» Ош шаарында ачылышынын мыйзамдуулугун караш керектигин белгиледи.

Мындан сырткары бул маселеге депутат Шайлообек Атазовда токтолуп, «Азаттыктын» Ош шаарындагы бөлүмүнүн ачылышын мамлекетке чыккынчылык катары эсептей тургандыгын айтты.

«Азаттык Үналгысынын» миссиясы – сөз эркиндиги орной элек жана ага бийлик тарабынан тыюу салынган өлкөлөрдө маалыматтарды таратуу жана чагылдыруу аркылуу демократиялык баалуулуктарды жана институттарды, ошондой эле адам укуктарын алга сүрөө экендиги жазылат. «Азаттык» көз карандысыз журналистиканын эң бийик стандарттарына жетүүнү жана фактыларды чагылдырууну көздөйт.

«Азаттыктын» Кыргызстандын жети облусунда өзүнүн аймактык журналистери болуп, өлкөдөгү башкы мекемеси Бишкек шаарында жайгашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM