Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Кыска кабар | 15 Сен 2022 | 226 | 0

Бүгүн, 15-сентябрь саат 08:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы билдирди.

Түн тынч өткөнү, эч кандай окуя катталбаганы кабарланды.

«Мурда жетишилген макулдашууларга ылайык, түн ичинде тараптар туруктуу жайгаштыруу пункттарына кошумча күчтөрдү жана каражаттарды алып чыгууну аякташты; Укук коргоо органдарынын бөлүктөрү чек арага жакын аймактарды биргелешип күзөтүштү», — деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 14-сентябрда эртең менен кыргыз-тажик чек арасында ок атылган. Күн ичинде Баткендин үч аймагында атышуу болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM