Биз менен байланышыңыз

Бекмурзаев кызматынан убактылуу четтетилди, милдетин орун басары аткарат

Кыска кабар | 14 Сен 2022 | 549 | 0

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

МаалыматтаРеспубликасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерине, ошондой эле 89-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык министр тергөө иштери аяктаганга чейин кызматынан убактылуу четтетилгени айтылат.

Ал эми Энергетика министринин милдетин убактылуу бүгүн, 14-сентябрда энергетика министринин орун басары болуп дайындалган Таалайбек Ибраев аткарат. Бул тууралуу жарлыкка да өлкө башчы кол койгон.

Белгилей кетсек, кечээ, 13-сентябрда энергетика министрине Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге эки кылмыш иши козголду

Copyright © 2017 Maral FM