Биз менен байланышыңыз

Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге эки кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 13 Сен 2022 | 1763 | 0

Башкы прокуратура тарабынан энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча эки кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы кабарлады.

Атап айтканда, 2021-2022-жылдары энергетика министри Доскул Бекмурзаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттарына, Түркияга, Өзбекстанга жана Орусияга болгон чет өлкөлүк кызматтык иш сапарларына негизсиз жөнөткөн. Натыйжада мамлекетке олутуу материалдык зыян келтирилгени аныкталды.

Мындан тышкары, министр кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплексинин объектилерин капиталдык оңдоодо «Б.» ЖЧКсына жалпысынан 15 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

«Натыйжада, энергетика министри Бекмурзаевдин кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекеттин жана жеке жактардын кызыкчылыктары одоно түрдө бузулуп, аларга ири өлчөмдө зыян келтирилген» , — деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Бекмурзаев: Кыргызстанда электр энергиясы гана кымбаттаган жок

Copyright © 2017 Maral FM