Быйыл Кыргызстанда электр энергиясына тарифтер өзгөрбөйт. Бул тууралуу 27-июлда өткөн маалымат жыйынында энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.
Ал ошондой эле электр энергиясына болгон тарифти кайра карап чыгуу керектигин айтты.
«Кыргызстанда баары кымбаттады, бирок электр энергия кымбаттаган жок Азыр энергосистеманы тейлөө кымбат болуп жатат – бензин, техника, жабдуулар. Президент мүмкүн болсо тарифтик саясатты сактап калуу тапшырмасын койду. Бирок кийинки жылдары коом ойлонушу керек, жалпы энергетикалык система, анын ичинде тариф саясаты кандай болушу керек? Субсидия албай туруп энергетикадагы карызды жаба турган болсок, минималдуу тариф 1, 52 сом болушу керек. Мен муну мисал катары айтып жатам» , — деди министр.
Бүгүнкү күндө энергетика тармагынын тышкы донорлорго карызы 137 миллиард сомдон ашык.