Баткен районунун Как-Сай тилкесинде саат 14:49да Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу токтоду.
Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалган бойдон калууда. Эки өлкөнүн тийиштүү тармагынын жетекчилери сүйлөшүүлөрдү улантып жатышат.
Ок атышууну 14-сентябрда эртең менен тажик чек арачылары баштаган. Алар Баткендин Булак-Башы тилкесиндеги такталбаган аймакка келип алышкан. Эскертүүгө көңүл бурбай ок атышкан. Кыргыз чек арачылары да жооп кылган. Тажикстандын чек арачылары миномет колдонушту.
Түштөн кийин Баткендин Как-Сай тилкесинде да ок чыгарышты.
Чек ара кызматы эки чек ара кызматкери жараат алганын кабарлады.