Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Кыргызстандын эки аскери жараат алды

Кыска кабар | 14 Сен 2022 | 664 | 0

Кыргыз-тажик чек арасынын Булак-Башы тилкесинде болгон куралдуу окуянын натыйжасында Кыргызстандын эки аскер кызматкери жараат алды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы кабарлады.

Минометтон минанын жарылышынын натыйжасында бир чек арачы жеңил жараат алган, экинчи жоокер контузия алган.

Жоокерлерге тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөн, абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Бүгүн саат 12:40ка карата кыргыз-тажик чек арасындагы Булак-Башы тилкесинде кырдаал чыңалган бойдон калууда. Бирок атышуу токтогон.

Окуя болгон жерде Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев менен Тажикстан УКМКсынын Чек ара аскерлигинин Согди облусу боюнча башкармалыгынын башчысы X. Пиракзоданын сүйлөшүүлөрү уланууда.

Чек ара: Тажикстандын чек арачылары дагы бир аймакта ок чыгарды

Copyright © 2017 Maral FM