Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров чет өлкөлүк студенттерден канча акча түшөрүн айтты

Кыска кабар | 14 Сен 2022 | 234 | 0

Бүгүн, 14-сентябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жогорку окуу жайлардын ректорлорунун дүйнөлүк форуму өтүп жатат.

Иш-чара «Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу» темасында өтүүдө. Ага катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда билим берүүнүн экспорту оң динамикага ээ экенин билдирди.

«Биздин республикада жергиликтүү жана чет элдик IT-адистердин иштөөсү үчүн мыкты шарттар бар. Изилдөө, инновация жана өнүгүү келечекте университеттерди өнүктүрүүнүн негизги багыттары болуп калышы керек. Бул сыяктуу платформаларда биздин илим-билимдин казынасы болгон жогорку окуу жайлары активдүү ролду ойношу керек», – деп белгиледи ал.

Акылбек Жапаровдун маалыматы боюнча, Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда билим алып жаткан студенттердин 30,5 пайызы чет өлкөлүк жарандар. Анын ичинен 44 миң 732 студент коңшу мамлекеттерден (КМШ, Грузия, Балтика өлкөлөрү).

Алыскы чет өлкөлөрдөн -Индия, Пакистан, Кытайдан келген 25 миң 792 студент бар.

Студенттердин эң көп бөлүгү Индия, Пакистан жана Өзбекстандан келишет, алардын басымдуусу медициналык билим берүү программаларында окушат. Бул үч өлкөнүн студенттеринен жылына орто эсеп менен 4 млрд 771 млн 610 миң сом ЖОЖдорго түшөт.

Учурда республикада 78 жогорку окуу жайы бар, анда 230 миңден ашык студент билим алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM