Бүгүн, 14-сентябрда кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Сербиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында күрөшө баштайт.

Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтындагы маалыматка караганда, Мээрим Жуманазарованын алгачкы атаандашы канадалык Линда Морайс болот. Мелдештин 1/8 финалы Бишкек убактысы боюнча күндүзгү саат 15:00-16:00 чамасында болот.

Мээрим 68 кг салмакта күрөшөт.

Белград шаарында өтүп жаткан грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты 10-сентябрда барган, 18-сентябрда жыйынтыкталат. Ага Кыргызстандын атынан 15 спортчу барган.

Учурда Кыргызстандын куржунунда үч медаль бар:

-грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (77 кг) менен Жоламан Шаршенбеков (60 кг) алтын медаль,

-Амантур Исмаилов (67 кг) коло уткан.