Биз менен байланышыңыз

Кумтөрдөгү коррупция. Тенгиз Бөлтүрүк кармалды

Кыска кабар | 14 Сен 2022 | 416 | 0

Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомундагы коррупциялык фактылар козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүк кармалды.

Башкы көзөмөл органы билдиргендей, мындан тышкары, жабдуу боюнча адис Ж.А.Ф., каржы башкармалыгынын директору Т.Р. Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоо жайына камакка алынышты, тергөө улантылууда.

Башкы прокуратура «Кумтөрдүн»  ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кылмыш иштери козголгонун 13-сентябрда билдирген.

Алдын ала эсептөөгө ылайык, аталган акционердик коомдун кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталган.

Эске салсак, быйыл 24-августта «Кумтөр» компаниясын буга чейин жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилген.

Башкы прокуратура жалпы көзөмөл иретинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эсептөө палатасынын кызматкерлерин тартуу менен текшерүү иштерин баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM