Президент Садыр Жапаров кечээ, 11-сентябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө эски жатакана имаратын 70 чек арачынын үй-бүлөсү үчүн реконструкциялоо үчүн каражат бөлүүнү тапшырды.
Жапаров Чек ара кызматынын башкармалыгынын учурда реконструкциялоо иштери аяктап жаткан имаратын көрүп чыкты.
Башкармалык имараты 1987-жылы курулган, анда 2003-жылдан бери капиталдык оңдоо иштери болгон эмес. Имаратты реконструкциялоо республикалык бюджеттин эсебинен үстүбүздөгү жылдын августунда башталган.
Садыр Жапаров реконструкциялоону өз убагында бүтүрүүнү жана бардык зарыл иштердин эл аралык стандарттарга ылайык сапаттуу ишке ашырылышын көзөмөлдөөнү тапшырды