Биз менен байланышыңыз

Элеттеги 50 муниципиалитетти өнүктүрүү аракети көрүлүүдө

Коом | 9 Сен 2022 | 515 | 0

Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө багытталган “Ийгиликтүү аймак-2” долбоору ишке ашырылып жатат. Аны Американын эл аралык өнүктүрүү агенттиги жана Өнүктүрүү саясаты институту иштеп чыккан. Долбоор Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтарын өнүктүрүүнү көздөйт.

Тактап айтканда, “Ийгиликтүү аймак-2” долбоорунун алкагында Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустарынын муниципалитеттери калкты таза суу менен камсыздоо, таштанды чыгаруу, көрктөндүрүү жана эс алганга шарт түзүү сыяктуу жергиликтүү кызматтарды жакшыртуу иштери жүрүп жатат.

USAIDдин «Ийгиликтүү аймак» долбоору – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иштөөгө жана алардын ишин жакшыртууга, сапаттуу кызмат көрсөтүүгө, жарандардын ишенимин жогорулатууга жана өлкөдөгү аймактар арасында тажрыйба алмашууну күчөтүүгө багытталган төрт жылдык долбоор. Бул тууралуу «Ийгиликтүү аймак-2» долбоорунун жетекчиси Сабина Градваль маалымдап, буларга токтолду:

«Аталган долбоор Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте ишке ашырылууда. Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу аркылуу калктын жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган. Долбоор төрт жылдын ичинде Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарынын 50 муниципиалитетине жардам көрсөтөт», — деди ал.

Долбоор 2021-жылы башталып 2025-жылга чейин ишке ашырылат. Анын бюджети 4 миллион 9 миң долларды түзөт.

Уюмдун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Турар Бекболотов белгилегендей, бул программа айыл өкмөтү жана мэрия кызматкерлерин окутуу, юридикалык кеп-кеңештерди берүү, алдыңкы тажрыйбаларын колдонууга үгүттөө аркылуу алардын башкаруу ыкмаларын жакшыртууга багытталган. Ал долбоордун жыйынтыгында күтүлгөн натыйжалар жөнүндө айтып берди.

«Долбоор менен өнөктөштүк аркылуу муниципиалитеттер башкаруу тажрыйбасын өркүндөтүү үчүн окутуудан жана насаатчылыктан өтүшөт. Бул программа аларга суу менен камсыз болуу, таштанды чыгаруу сыяктуу жергиликтүү деңгээлдеги негизги кызматтарды кеңейтүүгө, ошондой эле спорт жана маданият объектилеринин, коомдук жайлардын, сейил бактардын ишин жакшыртууга мүмкүндүк берет. Мындан сырктары, муниципиалитеттерге туруктуу тарифтерди эсептөө, салыктардан же чогултуулардан түшкөн кирешени акылга сыярлык көбөйтүү, жергиликтүү ишкерлер менен өнөктөштүк кылуу жана төлөмдөрдү жеңилдетүү үчүн IT-чечимдерди колдонуу сыяктуу жергиликтүү деңгээлдеги кызматтарды туруктуу каржылоонун жаңы ыкмаларын колдонууга жардам берет», — деди ал.

Мындан сырткары программа аркылуу аял депутаттардын клубу түзүлдү. Ал жергиликтүү деңгээлде аялдардын лидерлик сапаттарын күчөтүү максатын көздөйт. Муну менен депутаттар окутуудан өтүп, бардык айымдарга насаатчылык кылып, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргонууга үйрөтүшөт.

Долбоордун координатору Бакыт Айткулов жасала турган иштер алгач жумушчу топ менен кеңешилип, андан кийин жергиликтүү эл менен макулдашарын белгилейт.

«Жумушчу топ менен кеңешилип бүткөн соң, калың элди айылдык жыйындарга чакырып көйгөйлөрдү эл менен талкууладык. Азыркы тапта кайсы маселелер биринчи каралышы, тез убакыттын ичинде чечилиши керектигин макулдашабыз. Биздин долбоордун кызмткерлери ошол айылдык аймакка кызмат көрсөтүүнү уюштуруу планын иштеп беришет. Баары макулдашылган соң айылдык аймактын жетекчилигине бекитүүгө жөнөтүлөт», — деди ал.

Буга чейин «Ийгиликтүү аймак» деп аталган долбоор 2016-жылдан тарта иштеп, өлкөдөгү 50 айыл жана шаардык өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөткөн.
Жыйынтыгында 31 миңден ашуун жаран таза суу менен камсыз болуп, 23 миңге жакын тургун таштанды чыгаруу боюнча жакшыртылган кызматтарды алышты, ал эми беш муниципиалитеттин көчөлөрүнө жарык орнотулган.

Copyright © 2017 Maral FM