Биз менен байланышыңыз

Мигранттардын маселесин сүйлөшүү мамлекет жетекчилеринин деңгээлине жетти

Коом , Саясат | 9 Сен 2022 | 729 | 0

Жогорку Кеңешттин «Элдик» тобунун жана «Альянс» фракциясынын депутаттары Орусиядагы мигранттардын укугун коргоо, аларды мыйзамдуу каттоо боюнча маселени карады. Расмий маалыматка ылайык, учурда миграцияда 1 млн 118 миң Кыргызстандын жараны бар. Алардын 1 млн 63 миңи Орусиянын аймагында эмгектенет. Азыркы тапта өзгөчө Орусиянын Москва шаарында эмгектенген жарандардар каттоосун узуартуу үчүн чек арадан кирди-чыкты кылууга массалык түрдө киришишкен. Мына ошол максатта жолго чыккан кыргызстандык 14 жаран Орусиянын Ульяновск шаарында жакында эле каза болгону белгилүү. Эмгек мигранттарынын маселесин комплекстүү чечүүгө болгон депутаттардын аракетине алдыда кененирээк токтолобуз.

Жыйындын башында элдик депутаттык топтун төрагасы Акылбек Түмөнбаев мамлекеттик тийешелүү органдар эмгек мигранттары менен тыгыз иштебегендиктен жана жарандар өз укуктарын толук билбегендиктен, көпчүлүк учурда турмуштун оор кырдаалдарына кабылып жатканын билдирди.

Ошол эле учурда мигранттар менен иш алып барган тиешелүү министрлердин жана Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жыйынга келбей койгонун «кайдыгерлик» деп баалады.

Депутат Тазабек Икрамов жогорку кызматтагылар өздөрү мигрант болуп, кыйналып көрбөгөндүктөн, миграция маселесине көңүл кош мамиле кылып жатканын сынга алып, кыргыз өкмөтүн эң кыска убакта орус өкмөтү менен сүйлөшүүгө барып, керек болсо, Орусиянын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизиши керектигин белгиледи.

«Орусияда биздин мекендештерге катаал талаптарды коюп баштады. Федералдык миграциялык картаны талап кылып, картаны алуу үчүн кирди-чыкты маселеси ортого чыкты. Казакстандын чек арасынана өткөндө эч кандай шарты жок жерлерге барып, чек арадан өтүүдө кыйынчылыктарды көрүп жатышат. Андан кийинки эле маселе Сахарова шаарына барып, медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн 24 миң рублга чейин акчаларын коротуп жатышат. Үчүнчү маселе, расмий эмгек келишимин түзүү. Төртүнчүсү, жашаган батирине каттоого туруу. Ушундай оор талартарды коюп жатышат. Биз ал өлкө менен Бажы биримдигинде тургандан кийин мындай курч маселелерде жеңилдиктерди караш керек. Маселени чечүү жолдорун тез арада министрлик жана өлкө бийлиги жетекчиликке алып, орус бийлиги менен сүйлөшүүлөрү зарыл. Ошол эле учурда Орусияга болгон каттамдарды көбөтүп, билет бааларына бирдиктүү тарифтерди коюп, аба майданынан ПЧР тесттин жыйынтыгын талап кылууну токтотуш керек».  

Депутат Эмил Жамгырчиев аткаруу билигинин мигранттар менен ишти алып барууга күчү жетпей жатканын сынга алды. Ошондой эле ал Орусиядагы кыргыз диаспораларынын 8 талабын атап өттү.

«Каттоо маселесин ЕАЭБ жана Министрлер кабинетинин алкагында чечилиши керектигин» Орусиядагы жарандарыбыз айтып жатышат. ЕАЭБке мүчө болуп кирдиби, ал өлкөнүн жарандарына болгондой, бизге да мамиле кылынышы керек. Каттоону онлайн форматта өткөрүш керектигин айтып жатышат. Анткени, алар медициналык текшерүүдөн өтүп, сүрөттөрү, кол тамгалары жана керектүү болгон баардык маалыматы алардын базасында бар. Иш келиши боюнча жумуш берип жаткандар эч качан каттого тургузбайт экен. Биздин ал жактагы ИИМдин өкүлдөрү менен алардын ИИМинин миграция боюнча кызматы келишим түзүп, чечип койсо боло тургандыгын айтып жатат. Бул нерсе ал жактын мыйзамдары менен бекилген эмес, болгону Өкмөтүнүн токтомдору менен гана бекилген нерсе. Милдеттүү медициналык камсыздандырууну сурап жатышат. Статистикалык маалыматтар боюнча чет өлкөдөгү биздин мигранттардын 60 %ы балдарын алып кетет. Балдары ооруп калса мамлекеттик ооруканаларга барса кабыл албай, жеке менчикке алып барса, көп акча талап кылат. Мигранттардын балдарына жок дегенде эмдөө жок болуп жатат. ЕАЭБдин келишиминде бекер медициналык кароо каралган, ошону эле көрсөтүп койгула. Андан кийин мектеп, бала бакча маселесин чечип берүүбүздү суранышты. Кийинки маселе, «жүк-200″ боюнча маселе. Каза болгон жарандарга берилген 70 миң рубль акчаны алыш үчүн өлгөндүгү боюнча кара кагаз, андан кийин жакындарынан ишеним кат керек экен. Диаспоралар ошол акчаны алыш үчүн документтерди кийин чогултуп берүүнү, акчаны диаспоралар аркылуу ошол убакта берүүнү суранышты».

Ошол эле учурда Жамгырчыев Орусиядагы Кыргызстандын өкүлчүлүгүндө болгону 8 адам иштеп, күнүнө 600 жаранды кабыл алууга аракет кылышканын айтты. Бирок юридикалык суроолор боюнча 2 эле кызматкер болгондуктан, жетишпей жатышканын белгиледи. Мындан сырткары ал Орусиядагы жарандардын укугун коргогон Акыйкатчынын өкүлчүлүгүн ачууну саранып жатышканын кошумчалады.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев миграция жаатында бир канча системалуу масеслелер бар экендигин моюнга алып, аларды ЕАЭБдин аянтчасында бир нече жолу көтөрүп келгендигин билдирди. Ошондой эле ал өлкөгө көп функционалдуу миграция борборун ачуу багытында иштер жүрүп жатканын маалымдады.

«Министрлик тарабынан көп функционалдуу миграциялык борбордуу ачуу маселеси иштелип чыгууда. Жакында Москва шаарынын бюджеттик мекемесинин ортосунда көп функционалдуу миграция борборун ачуу боюнча макулдашууга кол коюлган. Ал борбор ачылгандан кийин Кыргызстандан Орусияга киргенге чейин медициналык текшерүү сыяктуу зарыл талаптардан эртерээк өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Министр Кудайберген Базарбаев да ушул айдын он биринде Москвага учуп жатат. Ал сиздер жогоруда айткан маселелерди ошол жерде чечип, келгенден кийин өзү сиздерге бүт маалыматты берем деп айтты».

Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Орусия июнь айынан бери Орусияда жүргөн жарандарга карата текшерүүлөрүн күчөткөндүгүн билдирди. ТИМдин өкүлү ЕАЭБдин алкагында мындай кадамды Кыргызстан тоскоолдук деп эсептей тургандыгын белгилеп, аны жоюу боюнча ЕАЭБке эки сунуш киргизилгендигин айтып өттү.

«Ал сунуштардын негизги маңызы мигранттар өздөрү жашаган жери боюнча өздөрү «мен ушул жерде жашап жатам» деп өзү маалымат берет. Бул боюнча эксперттик деңгээлден баштап, мамлекет башчысынын деңгээлине чейин сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Быйыл эле мурдагы министр Руслан Казакбаев Сергей Лавров менен жолугушууда бул маселе боюнча тийешелүү кайрылуу берген. Ошондой эле биздин Ички иштер министри Ниязбековдун кайрылуусун Владимир Колокольцевге берилген. Ошондой эле орус өкмөтүнүн башчысы Чолпон-Атага келгенде бул маселе боюнча көмөк көрсөтүүгө өзүнүн убадасын берген. Анын алкагында жолугушууларды уюштурганга аракет кылып жатабыз. 11-сентябрда Эмгек министри Кудайберген Базарбаевдин Орусияга болгон сапарында бул маселе боюнча так чечимге келгенге аракет кылабыз. Биздин сунушубуз, Кыргызстандын жарандарына ошол жакта мыйзамдуу жүргөнгө шарт түзүп берүү. Башкача айтканада иштеп жаткан жана жашап жаткан даректери боюнча өздөрү маалымат берүүсү боюнча укук берүүсүн суранабыз».

Жыйындын аягында депутат Акылбек Түмөнбаев Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевди кызматынан бошотуу сунушун президентке жолдонорун билдирди.

Мындай сунушту Жогорку Кеңештеги «Элдик» депутаттык тобу жана «Альянс» фракциясы кабыл алышты.

«Ушул эки адамдын кызматтык ордун, ишин карап чыгууну өтүнөбүз. Орусиядагы өкүлүңүз кандай иштеп жатканын мигранттар сизге кире албаса да социалдык тармактардан айтып жатышат. Ошондуктан сиз өз эркиңизди колдонуп, бөлөк жерде жүргөн мекендештерге көңүл бурган, укугун коргогон адамды шайлайсыз деген ойдомун».

Миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн былтыркы берген маалыматына ылайык, 115 миң кыргыз жараны Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүрөт. ИИМден билдиришкендей, бүгүнкү күндө 1834 кыргызстандык Орусиянын түрмөлөрүндө жазасын өтөп жатышат.

Депутаттар президентке элчи менен министрди кызматтан четтетүүнү сунуштады

Copyright © 2017 Maral FM