Биз менен байланышыңыз

Депутаттар президентке элчи менен министрди кызматтан четтетүүнү сунуштады

Кыска кабар | 9 Сен 2022 | 3926 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевди кызматынан бошотуу сунушу президентке жолдонду.

Мындай сунушту Жогорку Кеңештеги «Элдик» депутаттык тобу жана «Альянс» фракциясы киргизди.

«Ушул эки адамдын кызматтык ордун, ишин карап чыгууну өтүнөбүз. Орусиядагы өкүлүңүз кандай иштеп жатканын мигранттар сизге кире албаса да социалдык тармактардан айтып жатышат. Ошондуктан сиз өз эркиңизди колдонуп, бөлөк жерде жүргөн мекендештерге көңүл бурган, укугун коргогон адамды шайлайсыз деген ойдомун» , — деди «Элдик» депутаттык тобунун төрагасы Акылбек Түмөнбаев.

«Элдик» депутаттык тобу, «Альянс» фракциясы элчи менен министрди кызматтан четтетүү тууралуу сунушун президентке кат түрүндө киргизет.

Бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештеги «Альянс» фракциясы жана «Элдик» депутаттык тобу миграция маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев чакырылганы менен келбей койгону сынга кабылды.

Мигранттын кызынан кат

Copyright © 2017 Maral FM