Биз менен байланышыңыз

Кутурма оорусун жуктургандардын көпчүлүгү жаш балдар

Коом | 8 Сен 2022 | 660 | 0

Жакында эле Ош облусунун Араван районунда сегиз жашар бала кутурмага шектелип ооруканага түшкөн. Маалыматка караганда, баланын абалы орточо оор деп бааланууда. Анын диагнозу тактала элек, бирок тиешелүү дарылануудан өтүп жатат. Алдын ала маалыматта баланы мышык тытып алганы айтылды. Ал эми 4-сентябрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Сай-Коргон айылынын 72 жаштагы тургуну кутурмадан каза болгон. Аны көчөдөн таап алып келген күчүк каап алганы маалымдалган. Кооптуу оорулардын бири – кутурма эмнеден жана кандай жолдор аркылуу жугат? 

Жаныбарлардан жуга турган кутурма — адамды өлүмгө жеткире турган оору.

Кутурма дартына үй жаныбарларын кармоо эрежелерин сактабагандан, малды жана башка жандыктарды убагында эмдебей жана медициналык жардамга кеч кайрылгандан чалдыгышат. Бул тууралуу Республикалык карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулар борборунун эпидемиология бөлүмүнүн жетекчиси Кубанычбек Бектурдиев маалымдады.

«Акыркы 12 жылда кутурма оорусуна чалдыккандар, каза болгондор айрыкча Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында көп катталып жатат. Өлкө боюнча иттердин саны көбөйүүдө. Мурункудай иттерди атуу, кармоо, санын азайтуу иштери начар журүп жатканынан ушундай кырдаал жаралууда. Жылына өлкө боюнча 10-12 миң жаран ит тиштеп кеткени боюнча кайрылат. Анын дээрлик 50% 12-жашка жете элек балдар болуп жатат. Себеби балдар ит, мышыктар менен жакын карым катнашта болуп, кучакташат, ойношот ошондуктан кооптуу ооруларды жугузуп алып жатышат», — деди ал.

Ар бир адам үйүндө баккан жандыкка кам көрүп, жоопкерчилик алышы зарыл. Мындай пикирин Айыл чарба министрлигинин алдындагы Ветеринардык кызматынын өкүлү Дайыркул Саткынов билдирди. Себеби жарандар баккан иттерин эмдетпей, каттоого албай, жеткиликтүү деңгээлде кам көрбөйт.
Иттерди жыл сайын эмдетип туруу оорулардын алдын алат.

«Биз атайын планга ылайык Республика боюнча ит, мышыктарды жыл сайын кутурмага каршы эмдедүүдөн өткөрөбүз. Жылына 335 миң ит, мышы эмделет. Эмдөө менен мамлекет каржылайт. Вакцина акысыз болот, дарыгерге гана 50 же 70 сомдой кызматына алынат. Кутурма оорулуу ит-мышыктардан, түлкү-карышкырлардан жана башка жылуу кандуу жандыктардан, оорулуу жаныбардын тиштешинен, тытып алышынан жана шилекейинен, ошондой эле анын шилекейи чачырап калган буюмдардан жугушу мүмкүн. Эмделбеген ит, мышыктарды бакканга болбойт. Себеби мындай жандыктар өтө кооптуу. Көп жарандар бул оорунун кооптуулугун түшүнбөй жатат», — деди ал.

Кутурманын алдын алуу үчүн бир гана жаныбарларды эмдөөдөн өткөрбөй, ит үйрөтүүчүлөр (кинологдор), аңчылар жана корук кызматкерлери, мал доктурлар да сөзсүз эмделип турушу шарт.

Инфекционист Дамира Чыныеванын маалымдашынча, денеге кутурма вирусунун киргени 14 күндөн 90 күнгө чейинки убакта байкалат. Жашыруун өнүгүү убактысы (инкубациялык мезгил) чанда гана бир жылга созулуп кетиши ыктымал. Бул адамдын жашына, жаракат алган жерине, жарааатын оор же жеңил экендигине байланыштуу.
Мисалы, жараат баш же бет жакта болсо кыска, ал эми бут жакта болсо оорунун өнүгүү мезгили узак убакка созулат. Ошондой эле улгайгандарга караганда жаш балдарда оору тез убакытта өнүгөт.

«Жабыркаган адам алгач кайсы жаныбар тиштебесин, жаракат алган жерин самындап жууп, анан йод же таза спирт менен сүртүүсү керек. Тез арада дарыгерге (ооруканага) кайрылып, алар чектеген дары-дармектерди алуусу зарыл. Дарыгерге эрте кайрылуу оорунун өнүгүп кетүүсүнүн алдын ала турганын ар бир адам эске алыш керек. Жаныбардан адамга жугуучу илдеттердин алдын алыш үчүн биринчи кезекте иттер көзөмөлдө болушу абзел. Эч качан жолбун иттерди сылап-сыйпалабоо керектигин балдарга түшундүрүү шарт», — деди ал.

Кутурма менен ооруп калуу негизинен жандык тиштеп алгандан кийин медициналык жардам сурап кеч кайрылгандан, жаныбарларды эмдөө мөөнөттөрүн бузгандан жана үйсүз же жапайы жаныбарлар менен этият эместиктен болот.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борборунун маалыматына караганда, былтыр жарым жылда кутурма илдетине чалдыгуу коркунучуна кабылган адамдардын саны 1 миң 88 болгон, алардын 347си 14 жашка чыга элек балдар.

Мурунку жылдын алгачкы беш айында 960 адам катталган, алардын 346сы балдар. Ал эми быйыл жарым жылда кутурма оорусунан эки жаран каза тапты.
Маалыматтарга караганда, дүйнөдө бир жылда 55000 адам кутурма оорусунан каза табат.

Copyright © 2017 Maral FM