Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 7-сентябрда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарда күн ачык болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36,
Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +29…+34,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +32…+37,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,
Нарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +26…+31,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +34…+36 градус болот.