8-сентябрда JIA бизнес-ассоциациясы курулуш тармагындагы ишкерлердин башын бириктирген «Курулуш-2022» аталышында бизнес-форум өткөрөт.
Иш-чара «Бириккен кыялдар, инновациялык чечимдер» урааны астында өтүп, курулушчулардын башын бириктирип, жаңы идеялар жана инновацияларды колдонуу менен мүмкүнчүлүктөрдү бириктирүү максатын коздөйт.
Бизнес-форумда В2В жолугушуулар, пленардык талкуулар, курулуш материалдардын көргөзмөсү уюштурулат. Ошондой эле, жашыл ишкердүүлүктүн курулуш тармагына сунган мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да сөз болот.
Иш-чараны өткөрүүгө Sky Industrial Group — Түштүк Кореянын технологияларынын негизинде акыркы муундагы жабдууларды иштеп чыгуу жана чыгаруу боюнча Кыргызстандагы биринчи жогорку технологиялуу диверсификацияланган завод демөөрчүлүк кылат.
Бизнес-форумда өлкөдөгү ири курулуш компанияларынын жетекчилери сөз сүйлөп, мининстрлер кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нуртазин Жетыбаев да катышат.