Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы аппараты аскер бөлүктөрүнө мониторинг жүргүзөт

Кыска кабар | 5 Сен 2022 | 365 | 0

Аскер бөлүктөрүндө жоокерлердин ур-токмокко алынышы, өлүм жагдайларына байланыштуу акыйкатчы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен аскер кызматын өтөөдө адам укуктарын сакталышы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Ал жумушчу топ 5-сентярбдан тарта республика боюнча аскер бөлүктөрүндө мониторинг жүргүзүүнү баштайт. Анда аскер кызматкерлеринин укуктарынын сакталышын талдоо үчүн маалымат чогултулат жана жеринде аскер кызматкерлери, ошондой эле аскер бөлүктөрүнүн жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлөт.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча тиешелүү сунуштарды камтыган атайын баяндама даярдалып, ал Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт.

Жумушчу топтун курамында Акыйкатчы институтунун, Башкы прокуратуранын, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери, ошондой эле, “Аскер кызматчыларынын энелери республикалык комитети”, “Жарандык Союз” коомдук бирикмелеринин, “Кыйноолорго каршы коалиция” уюмунун, “Кылым шамы” коомдук фондунун кызматкерлери бар.

Copyright © 2017 Maral FM