Биз менен байланышыңыз

Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолундагы кырсыктан 5 адам каза тапты

Кыска кабар | 4 Сен 2022 | 277 | 0

Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолундагы жол кырсыгынан 5 адам каза болуп, үчөө жабыркаган. Бул жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, 3—сентябрда саат 22:00 чамасында Бишкек—Нарын-Торугарт автожолунда чыгыштан батышка карай бара жаткан «BMW 325» маркасындагы унаа каршы тилкеге чыгып, «Мазда Демио» маркасындагы унаага урунуп, батыштан чыгышка бараткан «Мерседес Бенц» маркасындагы унаага урунган.

Жол кырсыгынын натыйжасында каза болгондор:

1) 1986-жылы туулган К.С.З. “BMW” унаанын айдоочусу;

2) 1994-жылы туулган А.А.А. “Мазда Демио” унаанын айдоочусу;

3) 2002-жылы туулган К.З.Т. “BMW” унаанын жүргүнчүсү;

4) 2017-жылы туулган Ж.А.Э. “BMW” унаанын жүргүнчүсү;

5) 1951-жылы туулган К.Х.М. “BMW” унаанын жүргүнчүсү.

Жабыркаган үч жаран Ысык-Ата райондук ооруканасына жеткирилген.

Copyright © 2017 Maral FM