Биз менен байланышыңыз

«Аялын, балдарын майып кылган зөөкүргө сот жеңил жаза берип койду»

Коом | 2 Сен 2022 | 1397 | 0

Акыркы күндөрдө зордук-зомбулукка кабылгандардын окуялары коомчулукка байма-бай чыга баштады. Өкүнүчтүүсү, укук коргоо органдарынын кайдыгерлигинен сексуалдык, физикалык, моралдык-психикалык кордук көргөнү айкын далилденип турса да, зөөкүрлөр тиешелүү жазасын албай калган учурлар болуп келүүдө. Күйөөсүнүн кордугуна он жылдан бери көз жуумп жашап келип, акыры майып болуп калган аял бүгүн, 2-сентябрда атайын жыйын өткөрүп, коомго кайрылуу жасады. Окуянын чоо-жайына алдыда кененирээк токтолобуз.

Атын атагысы келбеген үч баланын энеси жарандык никедеги күйөөсүнөн 2011-жылдан бери тынымсыз кордук көрүп келерин, жан чыдагыс азаптарга саларын баяндады. Анын айтымында, күйөөсү мурунку жубайы менен да ажырашкан эмес. Андан төрт баласы бар. Келин экинчи никеси болгондуктан элден намыстанып жашап жүрө берип, акыры балдары да, өзү да майып болуп калышканын билдирди.

«Биз жарандык никеге турганбыз. Ал буга чейин эки жолу аял алган. Азыр төрт балам бар. Экөөбүз чогуу жашап келгенден бери психологиялык, физикалык жактан жабыркап келдим. Менин экинчи турмушум болуп жаткандыктан, зомбулукка чыдап, үй-бүлөнү сактап калайын, баары жакшы болот дедим. Бирок андан эч кандай жакшы күндөрдү көрө албай койдум. Турмушка жаңы чыкканда боюмда болуп, беш айга жакындап калганда мени себепсиз эле уруп, балам ичимден чарчап калды. «Ата-энеңе айтпа, ооруканага барба, мени камап коёт», — деп, өзүнүн күнөөсүн моюнга алган. Мен да: «Жашаганыбызга аз эле күн болду, кайра ажырашамбы, ата-энемдин үйүндө отурамбы?» — деген ой менен калып калдым. Дарыгерлер баланы кескилеп алышкан. Балдарым ыйласа, бешигин тоголотуп жиберген күндөрү да болгон. Балдардын ыйын укканда жаздык менен алардын бетин жаап жинденчү. Балдарым бир аз чоюп калганда, мени гана эмес, балдарымды да сабап жүрчү. Балам: «Чоңойгондо милиция болуп, атамды камайм», — десе, кыздарым: «Чоңойгондо кулагыңызды дарылап берем», — дешет. Кулагым жакшы укпай калды. Балдарым: «Атабыздын бутун өпсөк да бизди урат», — деп ыйлашат. Мени бутун өптүртүп, «күйөөңдүн таманын өөп жашашың керек» деп, кыздарыма да «кийин күйөөңөрдүн бутун өөп турасыңар» деп айтат. Кыздарымдын бетине түкүрөт», — дейт ал.

Учурда келин балдары менен «Сезим» кризистик борборунда турат. Борбордун директору Бүбүсара Рыскулова жабырлануучу мекемеге үч жолу келгенин белгилейт. Жолдошунан кетип калгандан кийин өзүн, ата-энесин жана кичүү инисин өлтүрүп саларын айтып коркуткан. Рыскулова Аламүдүн районунун прокурору баарын көрүп-билип туруп, айыпталуучуга жеңил жаза бергенине даттанды.

«Балдарынын мээси чайкалган экен. Атасынын үнүн укканда 5 жана 9 жаштагы кыздары заара ушатып жиберет. Бизде жолдошунун кур менен сабаган сүрөттөрүнүн баары бар. Бирок ал күнөөсүн мойнуна албайт. Биздин борбор сотко кайрылганда, Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (кыйноо) менен карабай, 136-беренеси (денеге жеңил залал келтирүү) менен карап, 50 миң сомдук айып тагып койду. Аны да келиндин колуна эмес, мамлекетке төлөттүрдү. Мына, биздин иштебеген мыйзамдарыбыз! Эмнеге прокуратура баарын билип-көрүп туруп, жеңил жаза бери жатат? Биз кайра сотко кайрылганы жатабыз», — деди Рыскулова.

Келиндин укугун коргоого жардам берип жаткан адвокат Тилек Токтакунов зөөкүр күйөө мурун Аламүдүн райондук сотунда иштегенин айтты. Ушул себептен буга чейин да айыпталып, соттун чечими менен күнөөлүү деп табылган адамга жеңил жаза берилип, иш алдыга жылбай жатканын белгиледи.

«Соттун биринчи инстанциясында болгон протоколдорду окуп чыктым: «К.Д. аттуу тергөөчү айым менден күбөлөндүрүүнү өткөрбөөнү суранды, анткени ал ИИБдин мурдагы кызматкери жана аны баары билет», — деп күбө жазыптыр. Прокуратура кайсы жакты карап отурат билбейм, себеби бул иштин токтоп, майнаптуу болбой жатканы ошол киши (келиндин жолдошу) Аламүдүн районундук сотунда кызматкер болуп иштегенине байланыштуу болуп жатат. Ошондуктан бул иш ордунан жылбай жатат», — деди адвокат.

Адистердин айтымында, учурда өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук маселеси курчуп турат. Буга бир катар факторлор себеп. Айрыкча, 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу жарыяланган карантин маалында зомбулук 62%га көбөйгөн.

Статистикалык маалыматтар көрсөткөндөй, ашкереленген зомбулуктун дээрлик 90%ы сотко жетпей кыскарып кетет. Буга бир чети жабыркаган адамдар (укук коргоо органдарына кайрылып, бирок кайра тосмо арыз жазып, бошотуп алгандар да бар) күнөөлүү болсо, бир чети укук коргоо кызматкерлеринин көңүлкош, кайдыгер мамилеси себеп.

2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 миң 151 факты катталган. Жабырлануучуларга 9 миң 38 убактылуу коргоо ордери, анын ичинен 8 миң 463ү аялдарга, 264ү балдарга берилген.

Copyright © 2017 Maral FM